Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:07

Жакартада бомба жарылды, Филлипинде түрмөдөн чөлкөмдөгү террорчул уюмдун жолбашчыларынын бири качып кетти


Полициянын маалыматына караганда, Индонезиянын парламенттик комплексине кирген имараттагы жарылуудан курмандыктар болгон жок, имаратка бир аз зыян келди. Жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Өткөн жума күнү Индонезия полициясы "Жемаа Исламия" деп аталган түштүк-чыгыш азиялык уюмдун 9 активистин камакка алган эле. Аталган экстремисттик топ өткөн жылдын октябрь айында Бали аралындагы терракты уюштурганы үчүн айыпталып келүүдө. Анда чет элдик 200дөн ашуун туристтер, көпчүлүгү австралиялыктар каза тапкан. Австралиянын премьер-министри Жон Ховард бүгүн Филлипинде болгон учурунда, Индонезияда шектүү адамдардын камакка алынышын кубаттап, дагы бир чоң кырсык алдын алынганын белгиледи. Мунун аралыгында бүгүн Филлипиндин түрмөсүнүн ошол "Жемаа Исламия" уюмунун жолбашчыларынын бири – Фатур Рохман ал-Гози качып кеткен. Ал 2000-жылы Манилада болгон жардырууну уюштурганы үчүн айыпталып жаткан.

XS
SM
MD
LG