Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Эртең жаңы журналдын алгачкы саны чыгат


БИШКЕК. Эртең «Замандаш» аттуу жаңы журналдын алгачкы саны окурмандардын колуна тиет. Жаңы басылманын башкы редактору Абдыкерим Муратовдон бүгүн алынган маалыматка караганда, жаңы журнал «Замандаш» коомдук фондунун көмөгү аркылуу чыгат. Журналда чет өлкөлөрдө жашап-иштеп жүргөн улутташтарыбыздын проблемалары чагылдырылып, аларга укуктук, медициналык, маалымат жагынан кеңештер берилет. «Замандаш» журналынын биринчи санында «Кумтөр» алтын кенинин айланасындагы талаш-тартыш, «Кыргызтелекомдун» акциясынын сатылышы, Борбор Азиядагы геосаясат, Фергана өрөөнүндөгү курч кырдаал, Дастан Сарыгулов менен Салижан Жигитовдун маектери жарык көрүүдө.



Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бекташ Шамшиев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG