Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

Акыйкатчынын Жалалабаддагы өкүлчүлүгүндө коомдук демократиялык кеңеш түзүлдү


ЖАЛАЛАБАД. Акыйкатчынын облустук өкүлү Кушназар Камытов өкүлчүлүктүн алдында коомдук башталыштагы демократиялык кеңеш түзүү зарылдыгын түшүндүрүп, анын максат-милдеттери менен тааныштырды. Коомдук демократиялык кеңештин курамын жети адамдан түзүү сунушу түштү. Кеңештин төрагалыгына облустагы адам укугун коргоо уюмунун төрагасы Абдыназар Маматисламов көпчүлүк добуш менен шайланды. Демократиялык кеңеш ай сайын өзүнүн аткарган иштери боюнча коомчулукка маалымат берип турат. Мындай кеңеш облустун ар бир шаарында, районунда түзүлөт. Облуста адам укугун коргоочу 10 уюм бар.

XS
SM
MD
LG