Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:25

Бишкектин мэри акыркы жарым жылдагы иштер тууралуу айтып берди


БИШКЕК. Бишкек шаары быйылкы жарым жылдыкта 4 млрд. сомдон ашуун өнөр жай товарларын чыгарып, 1,6 млрд. сомдук капиталдык салымдарды өздөштүрдү. Сыртка товар ташып чыгаруу 13 млн. жакын долларды, түз инвестициялардын өлчөмү 27 млн. долларды түздү. Бул маалыматтар Бишкек шаарынын башчысы Медетбек Керимкулов башкалаанын жарым жылдыкта аткарган иштерин баяндаган басма сөз жыйынында айтылды. М. Керимкуловдун айтымында, эмки жарым жылдыкта шаарда 5 млрд. сомго жакын өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, чекене товар жүгүртүү көлөмү 7 млрд. сомдон ашмакчы. Экономикалык көрсөткүчтөрдүн көбөйүшү дагы кошумча 16 миң жумуш ордун ачууга шарт түзөт. Бишкекте 8 миңге жакын киши жумушсуз катары катталган.

XS
SM
MD
LG