Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:34

Кыргызстанда СССРдин паспортун жыл этегине чейин пайдаланууга уруксат берилди


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү өзүнүн 4-июлдагы токтому менен СССРдин 1974-жылкы үлгүдөгү паспортун өлкө ичинде пайдалануунун мөөнөтүн 2004-жылдын 1-январына чейин узартты. Кыргыз өкмөтүнүн жооптуу кызматкери Ильяс Аманбаевдин айтымында, мындай жагдай азыр жеке эле Кыргызстан эмес, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан өңдүү постсоветтик өлкөлөрдө да түзүлгөн. Кыргызстан 1994-жылдан баштап өз жарандарына жаңы үлгүдөгү паспорт тарата баштаган. Өкмөт өкүлүнүн сөзү боюнча, паспорт алуу курагына жеткен 200 миңге жакын жаштарды эске алганда, азыр өлкөгө 1994-жылкы үлгүдөгү 300 миң паспорт талап кылынууда.

XS
SM
MD
LG