Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:17

Бишкекте Экономикалык саясат кеңешинин отуруму болду


БИШКЕК. Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү майдын 20% «Каракол» эркин экономикалык аймагы аркылуу өткөн. Былтыр бул эркин экономикалык аймак аркылуу 214 млн. сомдук күйүүчү май сырттан ташылып келген. Анын натыйжасында өлкөнүн бюджетине 70 млн. сом түшпөй калган. «Каракол», «Нарын», «Маймак» эркин экономикалык аймактарында күйүүчү май ташуу менен гана алектенген ишкерлер арбын. Андыктан өкмөт «Эркин экономикалык аймактар тууралуу» мыйзамдын талаптарын так аткарышы керек. Премьер-министр Николай Танаев жетектеген Экономикалык кеңештин бүгүнкү отурумунда ушундай ойлор айтылды. «Эркин экономикалык аймактар жөнүндөгү» мыйзамга ылайык ага кирген субъектилердин күйүүчү майды сырттан ташып келип сатышына тыюу салынган. Экономикалык кеңештин отурумунда айрым мыйзамдарды Дүйнөлүк Соода Уюмунун талабына ылайыкташтыруу маселеси талкууланды. Ага ылайык лицензия, экспорт жөнүндөгү мыйзамдарга айрым өзгөртүүлөр киргизилмекчи.

XS
SM
MD
LG