Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Палестинанын жетекчилигинин ортосундагы өз ара түшүнбөөчүлүктөр жөнгө салынды


Палестинанын өкмөт башчысы Махмуд Аббас өлкө президенти Ясир Арафат менен болгон буга чейинки өз ара түшүнбөөчүлүгү толук жөнгө салынгандыгын жана мындан кийин Ясир Арафатка толук баш ийе тургандыгын билдирди. Бул тууралуу Махмуд Аббас Ясир Арафат менен жолугушуудан соң маалымдады. Ясир Арафат жетектеген “Фатх” тобунун өкүлдөрү Махмуд Аббасты “тынчтык маселелери боюнча Израил тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдө олуттуу чегинүүлөргө барууда” деп айыпташкан. Ага байланыштуу өткөн аптада Махмуд Аббас мындай айыптоолор токтотулбаса, өкмөт башчылык кызматтан баш тартаарын жарыя кылган.

XS
SM
MD
LG