Эл аралык соттун прокурору Льюис Морено Окампо Конго демократиялык республикасындагы мыкаачылыктар тууралуу билдирүү жасады. Анын маалыматына караганда, муну иликтөөлөрдө жыйналган маалыматтар аныктайт. Анткени, бир жыл эле ичинде Итури аймагында 5 миңге жакын адам каза болгон. Буга өлкөдө жүргүзүлүп жаткан тукумун курут саясат көрүнүшү жана ар кандай жарандык араздашуулар түрткү болууда.