Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:10

Еревандагы түркмөн элчиси Армениядан качып кетти


Түркмөнстандын Армениядагы элчиси өз мекенине чакырылып алынаарында белгисиз тарапка качып кеткени кабардалды. Ал өзү менен бирге жубайын жана эки баласын ала кетти. Элчи Тойли Курбанов Арменияда үч жарым жыл ушул кызматта иштеп келген. Бул тууралуу Түркмөнстандагы оппозициячыл “Гундогар” интернет баракчасы (www.gundogar.org) кабарлап, 32 жаштагы Тойли Курбанов акыркы эки жылда элчилик иштен алынган элүү бешинчи дипломат экендигин жазды. Ал эми Түркмөнстандын тышкы иштер министрлиги анын дипломатиялык паспортундагы виза аяктады деген маалымат таркаткан болчу. Интернет баракча тараткан маалыматка караганда, ушул жылы Түркмөнстандын Улуу Британиядагы элчиси Чари Бабаев да чакыртылган эле. Ага чейин 2001-жылы мурунку тышкы иштер министри Борис Шахмурадов Кытайдан чакырылганда мекенине кайтуудан баш тарткан. Азыр ал Ашгабатта абакта отурат.

XS
SM
MD
LG