Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:28

Жалалабаддагы бир үй өрттөнүп, табият кырсыгы күч алды


ЖАЛАЛАБАД. Кечээ Жалалабад шаарынын Энергетик көчөсүндө 19 батирлүү жыгач үй өрттөнүп кетти. Башпаанексиз калган 18 үй-бүлө лицейдин жатаканасы менен туугандарыныкына көчүп чыгышты. Бүгүн шаардык мэриядан алынган маалымат боюнча, өрт күндүз болгондуктан, адамдар аман эсен калган. Кийим-кечеси менен төшөнчүлөрү күйгөн айрым адамдарга чукул кырдаалдар штабынан 15 жууркан берилди. Мындан тышкары, 12-15 июлдагы мөндүрлүү жамгыр менен катуу шамал Аксы жана Токтогул райондорунун беш кыштагына залал тийгизди. Үйлөрдүн жертөлөсүнө ылай суу кирип, үстүндө шифери сыйрылды. Чарбалык ички жолдор селге жуулду. Мындай табият кырсыгынан эки район 4 млн. сомдон ашык зыян тартты.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бекташ Шамшиев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG