Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Борбор Азия көркөм өнөр академиясынын тушоосу кесилди


БИШКЕК. «Сорос-Кыргызстан» фондунун жана Будапешттеги Ачык коом институтунун демилгеси менен Борбор Азиядагы көркөм өнөр академиясынын бет ачаар аземи бүгүн Бишкекте өттү. Көркөм өнөр академиясынын мүчөлүгүнө постсоветтик Борбор Азиянын бир топ маданий, көркөм өнөр ишмерлери, Тажикстандан Гүлрухсор Сафиева, Өзбекстандан Сабит Мадалиев, Казакстандан Мурат Ауэзов, Кыргызстандан Актан Абдыкалыков жана башка белгилүү инсандар киришкен. Академиянын ачылыш салтанатында «Азия элестери» сүрөт көргөзмөсү, жаңы веб-сайттын, видеотасмалардын бет ачаары өттү. Ушул эле күнү сүрөтчүлөр шаарчасында маданий-оюн-зоок программалары көрсөтүлдү. Жаңы академиянын ачылыш аземине байланышкан маданий иш-чаралар 18-июлга дейре созулат.

XS
SM
MD
LG