Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:47

Чолпонатада ЕврАзЭСтин башкы транспортчулары жыйналышты


ЧОЛПОНАТА. Бүгүн Чолпонатада Евразия Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн транспорт тармагынын жетекчилеринин кезектеги жыйыны өз ишин баштады. Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматынын бүгүнкү кабарына караганда, жыйынга катышууга Орусиянын, Тажикстандын, Казакстандын, Белорусиянын транспорт министрлеринин биринчи орун басарлары, байкоочу катары Армениядан, Украинадан, Молдовадан өкүлдөр келишти. Отурумда транзиттик жүк ташып өтүү, автоунааларды сертификациялоодо бирдей техникалык талаптарды коюу, катнаш тармагы боюнча эл аралык конвенцияларга кошулуу маселелери талкууланмакчы.

XS
SM
MD
LG