БИШКЕК. Кыргызстандын биринчи айымы Майрам Акаеванын саясатка аралашайын деген ою жок. Бул тууралуу президенттин жубайы, «Мээрим» фондунун төрайымы «Азаттык» радиосунун кабарчысына берген бүгүнкү маегинде билдирди. Өзүнүн саясатка аралашуусу тууралуу айрым басма сөз каражаттарындагы маалыматты ал өзүнүн активдүү чыгармачылык ишмердүүлүгүн саясатташтыруу катары баалады.