Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Радикалдык оппозициянын өкүлдөрү «тегерек үстөлгө» катышпайт


БИШКЕК. «Тегерек үстөл» форматында өтмөкчү болгон «Өнөктөштүк форумуна» радикалдык көз караштагы саясий жана коомдук уюмдардын жетекчилери чакырылган жок. Алардын катарында «Эркиндик» партиясынын башчысы Топчубек Тургуналиев, «Асаба» партиясынын башчысы Азимбек Бекназаров, «Жаңы Кыргызстан» партиясынын башчысы Досбол Нур уулу жана Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун бар. Мындай чечим уюштуруу комитетинин басымдуу бөлүгүнүн эркине ылайык кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн уюштуруу комитетинин мүчөсү, «Менин өлкөм» партиясынын координатору Галина Куликова билдирди. Анын айтымында, комитет конструктивдүү диалогго ниеттенген тараптарды гана чакыруу натыйжалуу болот деген чечимге келген. Бир катар саясий партиялар менен коомдук уюмдардын, саясатчылардын башын кошкон «А.Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаров болсо кыймыл мүчөлөрү «тегерек үстөлгө» катышпай тургандыгын 2-июлда эле айткан. Ушундай эле көз карашын форумга чакырылган «Эрк» партиясынын төрагасы, ушул кыймылдын мүчөсү Бектур Асанов да кошумчалады.

XS
SM
MD
LG