Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Жер ала албагандар Бишкекте пикетке чыгышты


БИШКЕК. Бүгүн Чүй облусуна караштуу Чоңташ, Таштөбө, Ортосай айылдарынын 40ка жакын тургуну Бишкек шаарындагы Максим Горькийдин эстелиги турган аянтка пикетке чыгышты. Нааразылык акциясына чыккандар жер үлүшүн акыйкаттык менен бөлүштүрүүнү жана айыл чарба техникасы менен камсыздоону талап кылышууда. Алардын айтымында, жогоруда аталган айылдардын тургундарынын арасында жер үлүшүн азыркыга чейин ала албай келгендер арбын. Айылдарда айыл чарба техникасы да туура эмес бөлүштүрүлгөн. Пикетчилердин айтканына караганда, бул күнү Чоңташ, Таштөбө, Ортосай айылдарынын дагы 100гө жакын тургундары милициянын тоскоолдугунан улам Бишкекке келе алышкан жок. Бул айылдардын тургундары буга чейин жер үлүшүнө байланыштуу маселе боюнча Аламүдүн районунун акимчилигине, сот, прокуратура органдарына кайрылышкан. Пикетчилер М.Горькийдин аянтында түшкө чейин туруп, тарап кетишти.

XS
SM
MD
LG