Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Кытайда барымтада жаткан кыргызстандык жарандар чек арадан кармалышты


БИШКЕК. 15–июлда кыргыз-кытай чек арасындагы Нарын чек ара отрядынын участкасында Кыргызстандын жараны, 25 жаштагы Ынтымак Молдобаев чек арадан мыйзамсыз өтүп бараткан жеринен кармалды. Бул тууралуу маалымат бүгүн Кыргызстандын Чек ара кызматынан алынды. Ушул эле күнү Нарын чек ара бөлүгүнүн командири Чолпонбек Турусбековдон алынган маалымат боюнча, Молдобаев кытайлык ишкерлерге карызын төлөй албай калгандыктан, 2001-жылдан бери барымтада кармалган. Мыйзам боюнча ал үч күн чек ара бөлүгүндө кармалат, андан соң Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилет. Ал эми мындан мурда, 27-июнда ушул эле чек ара пунктунан Кытайдан Кыргызстандын аймагына документтери жок өтүп жаткан жеринен 3 кыргызстандык жаран кармалган. Алар да кытайлык соодагерлерге карыз болуп калгандыктан, ар кандай мөөнөт менен, 7 айдан 1,5 жылга чейин барымтада кармалышкан. Учурда алар Улуттук коопсуздук кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгында кармалып турушат.

XS
SM
MD
LG