Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

Иран канадалык журналист токмоктоодон курман болгонун моюнга алды


Ирандын вице-президенти Мохаммад Али Абтахи бүгүн "Захра Каземи айым абакта жүрөк оорусунан көз жумду" деген мурдагы маалыматты жокко чыгарды. Бирок Канаданын тышкы иштер министри Бил Грэм Каземи кокустуктан каза тапкан болушу мүмкүн деп айтууда.
Канаданын жараны, теги ирандык 54 жаштагы фото журналист өткөн аптада Тегерандын "Эвин" түрмөсүн сүрөткө тартып жатканда камакка алынган эле.
Иранда өткөн аптада эле алты журналист кармалды, ошону менен абакта отурган журналисттердин саны өлкөдө 24кө жетти.

XS
SM
MD
LG