Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Аслаханов Чеченстандагы шайлоого катышуусу ыктымал экенин билдирди


Аслаханов Чеченстандагы шайлоого катышуусу ыктымал экенин билдирди

Орусия Мамлекеттик Думасына Чеченстандан шайланган депутат Асламбек Аслаханов 5-октябрга белгиленген Чеченстандагы президенттик шайлоого катышуусу мүмкүн экенин билдирди. Мен учурда президенттик шайлоого катышуумду колдогон сунуштарды иликтеп жатам, бирок чечим кабыл ала элекмин деп билдирген Аслаханов «Интерфакс» маалымат агенттигине. Чеченстанда жүргүзүлгөн социологиялык сурамжылоолор боюнча, Асламбек Аслахановдун рейтинги чечен саясатчыларынын арасынан, анын ичинде Чеченстандын азыркы башчысы Ахмад Кадыровдун рейтингинен да жогору болууда.

Айданбек Акмат уул, Прага

XS
SM
MD
LG