Ооганстан Ички иштер министринин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Кабулдагы Пакистан элчилигиндеги баш аламандыкка катышкан шектүү төрт адам өткөн жума аягында кармалды. Пакистан тарап Ооганстандын чек арасын бузуп кирди деген кабар тарагандан кийин өткөн жумада жүздөгөн оогандыктар Кабулдагы Пакистан элчилигинин алдында чуулуу нааразылык акциясын өткөрүшүп, кээ бирөөлөрү элчиликтин ичине кирип барып тартипсиздик салышкан. Пакистан тарап элчиликке кол салууга байланыштуу тынчсызданганын билдиргенде, Ооган өкмөт башчысы Хамид Карзай Исламабаддан кечирим сураган. Шектүү адамдар кармалганын кабарлаган Ооган ички иштер министри Али Ахмад Жалали алардын ким экендигин айткан эмес.