Хорватиянын мурдагы генералы Мирко Норач согуш мезгилинде кылмыш жасаган деп Гаагадагы эл аралык трибиунал тарабынан кошумча шектеле баштады. Хорват өкмөтүнүн бүгүнкү маалымдоосуна караганда мурдагы Югославиядагы аскерий кылмыштарды карап жаткан Гаагадагы Эл аралык трибунал Мирко Норачтын 1993 жана 1995-жылдардагы аскерий операциялардагы ролуна байланыштуу маалыматтарды тактап берүүнү хорват өкмөтүнө сунуштады. Мирко Норач Госпик шаарчасында 1991-жылы 50 хорватиялык сербти уурдап, андан кийин аларды өлтүрүүгө жол бергендиги үчүн 12 жылга март айында Хорватиянын Рижека шаарында кесилген эле. Норак, хорват өкмөтү аны Эл аралык трибуналга бербөөгө убада бергенден кийин бийликтин колуна түшүп берген болчу.