Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Кытайлык дипломаттар Вашингтондо


Түндүк Кореянын өзөктүк курал иштеп чыгуу программасы жараткан кризисти жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү үчүн Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Дай Бинжо баш болгон делегация Вашингтонго келди. Бүгүн кечке жуук Кытай тышкы иштер министринин орун басары АКШнын мамекеттик катчысы Колин Пауэлл менен жолугушат. Мамлекеттик департменттин басма сөз катчысы Ричард Баучердин айтымында, Кытай тарап менен боло турган бүгүнкү жолугушууда Корея жарым аралындагы кризисти кантип дипломатиялык жана тынчтык жолго салуу маселеси, андагы Кытайдын ролу талкууланат. Бээжин менен Пхеньяндын мамилеси жакын. Бирок Кытай Корея жарым аралында өзөктүк курал болушун каалабашын билдирип, Түндүк Кореянын өзөктүк программасын жараткан маселени сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө кызыкдар. АКШ Пхеньян өзөктүк куралга ээ болуу максатында иш жүргүзүп жатканына тынчсызданууда.

XS
SM
MD
LG