Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Британ өкмөт башчысы Иракка согуш негиздүү ачылганын билдирди


АКШда сапар менен жүргөн Улуубританиянын премьер министри Тони Блэр Конгрессте сөз сүйлөп, Ирак согушу негиздүү болгонуна бекем ишенимде экенин жарыялады. Терорризм менен массалык кыргын салуучу курал бир боло алабы? Боло алары баарыбызга айкын болуп калды. Биз кандайдыр бир катачылык кетирген болсок да элди кыйноого алган режимди кулатканыбыз үчүн тарых бул согушту актайт, - деди Тони Блэр. Анын айтымында коалициялык күчтөр Ирак элине демократиялык түзүлүштү курууга убада кылган жана ал убада аткарылат. Конгресстеги сөз сүйлөөдөн кийин АКШ жана Англия лидерлери маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда АКШ президенти Жорж Буш «Ирак режими дүйнөгө бара-бара коркунучтуу болуп бараткан эле» деп, согуш негиздүү болгонун белгиледи. Ал эми Англия өкмөт башчысы Палестин маселеси чечилмейин АКШ баш болуп жүргүзүп жаткан антитеррордук кампания максатына жетиши кыйын болорун билдирип, Палестин мамлекетин түзүүгө, араб өлкөлөрүн болсо Израилди таанууга чакырды.

XS
SM
MD
LG