БИШКЕК. 28-июлдан тарта АКШнын Кыргызстандагы элчилиги иммиграциялык эмес визаларды берүү боюнча жаңы тартипте иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн (18-июлда) АКШ элчилигинин вице-консулу Эрики Ольсон «АКИ-пресс» маалымат агенттигинде өткөн жыйында айтты. Элчиликтин консулдук бөлүмү АКШга виза алуу боюнча арыздарды үч күндүн ичинде карайт. Арыз ээлери визаны алаардан мурда элчиликте аңгемелешүүдөн өтүшөт. АКШга виза алуу боюнча жаңы тартиптин киргизилишинин максаты - виза алуу жараянын жөнөкөйлөтүү жана аны берүү убакытын кыскартуу. З айлык мөөнөткө иммиграциялык эмес визанын баасы 100 долларды түзөт. АКШ элчилигинин вице-консулу маалымдагандай, Кыргызстандан жылына 2,5 миңге жакын адам АКШга виза сурап кайрылышат. Ал эми алардын ичинен 300-400дөйү аңгемелешүүдөн өтпөй калышат.
Кабарларды даярдап, окугандар – Азиза Турдуева менен Кубат Оторбаев, Бишкек.
Кабарларды даярдап, окугандар – Азиза Турдуева менен Кубат Оторбаев, Бишкек.