Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:39

Бүгүн Жалалабад облусунун администрациясынын коллегиясы өттү


ЖАЛАЛАБАД. Облустук акимияттын биринчи жарым жылдыкты талкуулаган коллегиясында көбүнчө кемчиликтер айтылды. Төрт маселени караган жыйындагы баяндамага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 6 айында өнөржай жана айылчарба тармагы 4,5 млрд. сомдук өнүм чыгарганы менен алтын жана көмүр казып алуу иши аксаган. Буудай оруму түшүмдүү болууда, бирок кирешени арбын берүүчү пахтанын өсүмү бир айга кечигип жатат. Негизги 91 ишканынын 26сы былтыркыдан начар иштеди. Сырье жоктугунан ошончо ишкана токтоп турду. Жакырчылык менен жумушсуздук 3% азайган, анткени менен көмүскө жумушсуздук изилденген эмес. Бюджеттин киреше, чыгаша бөлүктөрү аткарылбай калды. Эмгек акы, пенсия толук төлөнбөй, бул жаатта 19 млн. сом карыз бар. Табият кырсыгы дагы кесепеттерин тийгизүүдө.

XS
SM
MD
LG