БИШКЕК. СПИД оорусуна каршы Глобалдык фонд тарабынан Кыргызстанга СПИД оорусуна каршы күрөшүү иштерине 4 млн. 900 миң АКШ доллары, ал эми кургак учук илдетине каршы күрөшүүгө 1 млн. 200 миң доллар бөлүндү. Бул тууралу жума күнү Бишкектеги СПИД оорусуна каршы күрөш борборунан маалымдашты. Учурда Кыргызстанда СПИД оорусуна чалдыккандардын саны 420 адамды түзөт. Алардын негизги бөлүгү Ош облусунда катталган. СПИД оорусуна каршы күрөш борборунун башчысы Борис Шапиронун айтымында, ырасмий эмес маалыматтар боюнча Кыргызстанда бул илдетке кабылгандардын саны 7 миңге жакын.
АКШ, Улуу Британия, Италия, Канада, Германия жана башка өлкөлөрдүн каржылык колдоосу менен 2002-жылдын январь айында түзүлгөн СПИД, кургак учук ооруларына каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун башкы кеңсеси Женевада жайгашкан. Фонддун максаттарынын бири-мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөргө СПИД, кургак учук илдеттерине каршы күрөшүүгө каржыдан жардам көрсөтүү.