Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Өкмөт Каракече кенин комплекстүү изилдейт


БИШКЕК. Каракече кениндеги абалды комплекстүү иликтеп чыгуу максатында өкмөттүк комиссия түзүлөт. Мындай чечимди 17-июлда өкмөт башчысы Николай Танаев Жумгал районундагы «Кара Кече» көмүр кенине иш сапарынан кийин кабыл алды. Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдаганга караганда, премьер-министр «Демилге», «Бешсары», «Акулак», «Акжол», «Мээрим» жана «Күкүртсай» разрездериндеги иш жагдайы менен таанышты. Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен «Бешсары» фирмасына быйылкы күз-кыш айларында Бишкек ТЭЦин 80 миң тонна көмүр менен камсыз кылуу бонча тапшырма берилди жана ал үчүн «Бешсары» фирмасына бюджеттен каражат бөлүү боюнча чечим кабыл алынды. Сапар учурунда Николай Танаев соңку учурда абалы өтө оорлоп кеткен «Ак улак» разреси менен жакындан таанышып, анын ишин тыкыр иликтөөнү тийиштүү министрликтерге тапшырды. 1-июлга карата бул ишкананын 40 млн. сом карызы бар.

XS
SM
MD
LG