БИШКЕК. Бүгүн борбор калаадагы «Аккеме» мейманканасында Кыргызстандагы уран калдыктары эң көп жер - Майлусуудагы уран таштандылары көмүлгөн жерлерди реабилитациялоо маселесине арналган маалымат жыйыны өттү. Жыйын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги кеңсесинин башчысы Айдын Идил, АКШнын Ливермол улуттук лабораториясынын илимий кызматкери Ричард Кнеп жана Кыргызстандын Экология жана чукул кырдаалдар министрлигинин жооптуу кызматкери Анаркул Айталиев тарабынан өткөрүлдү. Анда маалымдалгандай, Майлусуудагы уран калдыктарын реабилитациялоо иштерин жүргүзүү үчүн адегенде алардын абалы боюнча толук маалыматтар бир системага келтирилип, чогултулушу керек. Экология министрлигинин кызматкери Айталиевдин маалымдоосунда, Майлысуудагы уран шакелдерин толугу менен реабилитациялоо үчүн 17 млн. АКШ доллары талап кылынат. Ал эми ушул жылдын май айында дүйнөлүк банк тарабынан Майлысуудагы уран шакелдерин реабилитация боюнча иштерин жүргүзүүгө грант түрүндө 5 млн. доллар бөлүнгөн. Бул грант 2004-жылдын орто ченинде өздөштүрүлө баштайт. Майлысуудагы уран шакелдери ушул бойдон кала берсе, андан Кыргызстанда 24 миңге жакын адам, Өзбекстанда 2,5 млнго жакын жана Тажикстанда 700 миңдей адам жапа чегиши мүмкүн. 14-18-июлда Бишкекте Майлысуудагы уран калдыктары көмүлгөн жерлерди реабилитациялоо маселесине байланыштуу өткөн конференциянын чечими менен түзүлгөн комиссияга 15-сентябрга чейин Майлуусуудагы уран шакелдери боюнча толук маалыматты чогултуу милдети тапшырылды. Кыргызстандын аймагында жалпысынан 30 жерде уран таштандылары көмүлгөн. Аларды реабилитациялоо үчүн 31 млн. доллар талап кылынат.