Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:33

Тышкы иштер министрлиги Өзбекстан элчисине Кыргызстан атуулунун өлүмүнө байланыштуу нааразылык нотасын тапшырды


БИШКЕК. 18-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Алишер Салахитдиновду чакырып, 16-июлда өзбек чекарачысынын огунан каза болгон Адылжан Үркүнбаевге байланыштуу нааразылык нотасын тапшырды. Бул тууралуу маалыматты 18-июлда Тышкы иштер министрлиги таратты. Нааразылык нотасында Кыргызстан ырасмий Ташкендин көңүлүн «өзбек чекарачыларынын Кыргызстан атуулдарына карата чектен чыккан агрессивдүү жана достукка туура келбеген мамилелери кыргыз-өзбек чекарасындагы каргашалуу окуяларга алып келип жатканына” дагы бир ирет бурду. Андан тышкары нааразылык катында өзбек аскерлеринин ок атуучу куралдарды ыгы жок, туура эмес пайдаланышынан кыргыз атуулдарынын каза таап жатышы кыргыз тараптын тынчын алган көрүнүш болуп жатканы айтылат. Министрлик 16-июлда Карасуу шаарында болгон каргашалуу окуяны 1996-жылы 24-декабрда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда түзүлгөн “Түбөлүк достук жөнүндө келишимге” карама-каршы келээрин белгиледи. Ырасмий Бишкек ошондой эле өзбек бийлигинен Адылжан Үркүнбаевди аткан аскерди жазага тартууну талап кылды.
Нааразылык нотасын алып жатып, Өзбекстандын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Алишер Салахитдинов каза болгон Адылжан Үркүнбаевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтты жана Кыргызстандын бул окуя боюнча позициясы Өзбекстан бийлигине дароо кабарланаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG