Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:02

Жекшембиде Израил жана Палестина премьер министрлери жолугушат


Израил жана Палестинанын расмий өкүлдөрү бүгүн жолугушуп, эртең өкмөт башчылары Ариэл Шарон жана Махмуд Аббас талкуулай турган маселелерди такташты. Израил өкмөтүнүн басма сөз кызматынын кабарлоосуна караганда, жекшембидеги жолугушууда жөөт өкмөт башчысы Ариэл Шарон Махмуд Аббастан «терроризмдин инфраструктурасын жоготууну» талап кылмакчы. Ал эми Палестинанын расмий өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, алар Израилдин палестин аймактарынан чыгып кетүүсүн жана жөөт абактарындагы палестиндерди бошотуу талаптарын коймокчу.


Айданбек Акмат уулу, Прага

XS
SM
MD
LG