Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:09

Орус маданий ишмерлери өкмөттүн билим саясатындагы өзгөртүүлөрүн сынга алууда


Орусиянын бир катар интеллектуалдары совет убагында куугунтукталган бир катар жазуучулардын чыгармаларынын мектеп программасынан алынып салынышына нааразылык билдирип чыгарышты. Андрей Вознесенский, Фазил Искандар жана башка белгилүү маданий ишмерлер Орусиянын билим берүү министри Владимир Филипповго «Известия» гезити аркылуу ишемби күнү ачык кат менен кайрылышып, совет режимин сындаган жазуучулардын чыгармаларынын окуу программасынан чыгарылышын туура эмес деп баалашкан. Билим берүү министрлиги Борис Пастернак, Анна Ахматова, Андрей Платонов, Осип Манделштамдын чыгармаларын мектеп программасына киргизүүнү сунуштаган эмес.

XS
SM
MD
LG