Кытайдын президенти жана премьер-министри аны толук колдоорун Гонконгдун администрация башчысы Тун Чэхуа бүгүн билдирди. Ал акыркы кезде Гонконгдо орун алган нааразылык акцияларынан улам түзүлгөн кырдаал жөнүндө Кытай жетекчилигине маалымат берүү үчүн Бейжинге келген эле. Гонконгдо нааразылык акциялары адам укуктарын чектөөчү «Улуттук коопсуздук жөнүндөгү» мыйзам кабыл алынгандан кийин башталып, ага чыккандар Тун Чэхуаны кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Беш жыл мурун Гонконг Британиядан Кытай юрисдикциясына өткөн эле.