Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

БУУнун инспекторлору Иранга келди


Бүгүн Иранга Бириккен Улуттар Уюмунун өзөктүк кубат боюнча инспекторлору келди. Алар Ирандын өзөктүк энергия иштеп чыгуучу мекеме-ишканаларын кыдырып көрөт. Инспекторлор келээр алдында Иранда байытылган урандын издери табылды деген маалымат тараган эле. Бирок Ирандын расмий өкүлдөрү бул тууралуу анык маалыматты иликтөө жүргүзүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү гана тастыктай алаарын билдиришкен. Эгерде Иранда байытылган уран табылса, анда бул Тегерандын өзөктүк курал жасоо аракетинин далили болуп калмакчы.

XS
SM
MD
LG