Бул күндөрү Жапонияда сапар менен жүргөн Британия өкмөт башчысы Тони Блэр Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасы регион коопсуздугуна коркунуч туудуруп, Пхеньяндын эл аралык коомчулукка кошулуу жараянына терс таасирин тийгизээрин билдирди. Британ премьер-министринин пикиринде, бул кризистен көп тараптуу сүйлөшүүлөр менен чыгууга болот. Ал эми Пхеньян каалагандай АКШ эки тараптуу сүйлөшүүгө барбайт, - деди Тони Блэр. Ал эми Түштүк Кореянын коргоо министри Пхеньян Жапонияга жетүүчү ракеталарын күжүрмөн даярдыкка келтиргенин бүгүн кабарлады. Бирок Жапонияга канча, кандай ракеталар багытталганын министр так айткан эмес. Министрдин маалыматы боюнча Пхеньянда 300дөн 500 чакырымга жетүүчү СКАД жана 1300 чакырымга жетүүчү Родоң 1 ракеталары бар. Жапония менен Түндүк Кореянын аралыгы 500 чакырымга жакын.