Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Бишкекте түрмөлөрдөгү абал талкууланмакчы


БИШКЕК. Бүрсүгүнү Бишкекте «Түрмөлөрдөгү саламаттык сактоо» деген темада «тегерек үстөл» жыйыны өтөт. Ага Юстиция министрлигинин алдындагы жаза өтөө башкармалыгынын, Саламаттык сактоо, Эмгек жана социалдык коргоо министрликтеринин, укук коргоо уюмдарынын жана донор-уюмдардын өкүлдөрү катышат. Жыйында талкуулана турган негизги маселелер - Кыргызстандагы түрмөлөрдүн бүгүнкү абалы, аларда жаза өтөп жаткандар үчүн түзүлгөн санитардык-гигиеналык шарттар. Жыйындын катышуучулары түрмөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын саламаттыгын сактоо кызматын жакшыртуунун жолдоруна, аларга каржылык колдоо көрсөтүүгө байланыштуу маселелерди да талкуулашат. Статистикалык маалыматтарга ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата Кыргызстандагы түрмөлөрдө жаза өтүп жаткандардын саны 17 миңден ашат.

XS
SM
MD
LG