Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:42

9 өлкөнүн ортосунда жаңы келишимге кол коюлду


БИШКЕК. Бүгүн Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, 17-июлда Исламабадда Экономикалык Кызматташтык Уюмуна кирген 9 өлкөнүн ортосунда «Импорттолгон товарларга карата тарифтерди 15% чейин төмөндөтүү жөнүндөгү соода келишимине» кол коюлду. Келишим келерки 8 жылга эсептелген. Экономикалык Кызматташтык Уюмуна мүчө болгон өлкөлөрдүн тарифтик келишимине ылайык, бажы тарифтери бардык өлкөлөрдүн товарларына карата бирдей болот. ЭКУнун чечими менен, ага мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнөн соода келишимин ишке ашыруунун механизмдерин кыска мөөнөттүн ичинде иштеп чыгыш үчүн эксперттик комиссия түзүлдү. Экономикалык Кызматташтык Уюмунун пикиринде, бул соода келишими уюмга кирген өлкөлөрдүн ортосунда эркин экономикалык режим түзүүгө да өбөлгө болушу мүмкүн. Экономикалык Кызматташтык Уюмуна Азербайжан, Ооганстан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстан кирет.

XS
SM
MD
LG