Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Өлкөдөгү айрым бейөкмөт уюмдар кечээги «Өнөктөштүк форумуна» чоң маани беришүүдө


БИШКЕК. «Өнөктөштүк форумуна» катышкан айрым бейөкмөт уюмдар бул форумга чоң баасын берди. Алардын пикиринде, бийлик менен ар кандай көз караштагы саясий күчтөрдүн катышуусунда өткөн бул жыйын Кыргызстандагы туруктуулуктун сакталышына өбөлгө болгон фактор катары бааланууда. Бул боюнча бүгүн «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов «Азаттык» үналгысына өз оюн билдирди: «Биз бул форумдун ишин жогору баалап жатабыз. Маселен, менин пикиримде, бул форумда парламенттик, жергиликтүү шайлоолордун өтүшүнүн мөөнөттөрү жөнүндө айтылгандыгы, ошондой эле президент «кийинки президенттик шайлоого барбайм» деп дагы бир жолу айтканы өлкөдөгү саясий абалдын туруктуу болушун шарттайт».

XS
SM
MD
LG