Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

100гө жакын кыргызстандык атуул Кытайда барымтада кармалууда


БИШКЕК. Ушул тапта Кытайда Кыргызстандын 100гө жакын атуулу барымтада отурат. Бул тууралуу бүгүн кыргыз-кытай чек арасындагы Нарын чек ара бөлүгүнүн кол башчысы Чолпонбек Турусбеков «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, барымтадагылар соода кылыш үчүн кытайлык соодагерлерден акча алып, карызын төлөй албай калышкан. Ал эми 15-июлда чек арадан мыйзамсыз өтүп бараткан жеринен кармалган 25 жаштагы Ынтымак Молдобаев эртең Улуттук коопсуздук кызматынын Нарын облустук башкармалыгына өткөрүлөт. Ч.Турусбековдун пикиринде, Кытайда барымтада отуруп Кыргызстанга кайткандарга карата административдик гана чаралар көрүлүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG