АКШнын президенти Жорж Буш бүгүн Техастагы өз үйүндө Италиянын өкмөт башчысы Сильвио Берлусконини кабыл алат. Эки лидер Иракты кайра куруу, Жакынкы Чыгыш , эл аралык терроризм жана массалык кыргын салуучу куралдардын жайылышына жол бербөө маселелерин талкуулашары күтүлүүдө. Италия жакында эле Европа Биримдигинин төрагалык милдетин аткарууга киришти. Бул кызматты аткарууга киришип жатып сүйлөгөн сөзүндө Сильвио Берлускони негизги максаты Атлантика аралык мамилени калыбына келтирүү экенин билдирген.
Айданбек Акмат уулу, Прага
Айданбек Акмат уулу, Прага