Түндүк Кореянын өзөктүк куралга ээ болуу программасы жараткан кризисти аяр сүйлөшүүлөр менен чечүү керектигин Британия премьер министри Тони Блэр Түштүк Корея президенти Но Му Хен менен Сеулдагы бүгүнкү сүйлөшүүдөн кийин билдирди. Ал эми президент Но Му Хен Түндүк Кореянын айланасындагы кырдаал мындан алты ай мурундагыга караганда бир топ стабилдешип калганын билдирди. Тони Блэрдин айтымында, Пхеньяндын өзөктүк программасы жараткан кризисти Сеул жана Токионун катышуусу менен көп тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү ыңгайлуу. Эгерде Түндүк Корея өзөктүк курал жасоодон баш тартса, анда эл аралык коомчулук анын жаңы типтеги мамлекетке өтүшүнө колдоо көрсөтөт, деп белгилеген Тони Блэр Сеулдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында