Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Израил жана Палестин өкмөт башчылары жолугушту


Бүгүн Иерусалимде Израил өкмөт башчысы Ариэл Шарон менен Палестина премьер министри Махмуд Аббас жолугушту. Алар Жакынкы Чыгыш чатагын жөнгө салуу боюнча «Жол картасы» деп аталган пландын аткарылышын талкуулашат. Маалыматка караганда Ариэл Шарон Махмуд Аббастан Палестинадагы аскерий топторду жоюуну талап кылат. Ал эми Махмуд Аббас өз кезегинде Палестин туткундарын бошотууну жана басып алган жерлердеги Израил курулуштарын бузууну талап кылмакчы. Буга чейин Израилдин министрлер кабинети 350 палестинди камактан бошоткон, бирок Палестин тарап камакта дагы көптөгөн жарандары бар экенин айтып, аларды да бошотууну талап кылууда. Кийинки жумада Махмуд Аббас Вашингтондо президент Жорж Буш менен жолугушуп, «Жол картасы» планын аткаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

XS
SM
MD
LG