Британ өкмөтүндөгү жаңжалдын башаты болгон маалыматты Коргоо министрлигинин кеңешчиси Дэвид Келлиден алганын ВВС корпорациясы бүгүн ырастады. Маалыматта Британ өкмөтү Иракка байланыштуу документтерди бурмалады деп Тони Блэрдин өкмөтү күнөөлөнгөн. Бул окуяга байланыштуу Британиянын Коргоо министрлиги Дэвид Келлини айыптаган эле. Мындай жаңжалдын чок ортосунда калган Дэвид Келли колундагы кан тамырын кесүү менен өзүнүн жанын кыйууга барган. Британ өкмөт башчысы Тони Блэр ВВСинин ырастоосун кубаттап, өзү бул окуя боюнча көрсөтмө берүүгө даяр экенин билдирди. Тони Блэр Сеулдагы сапары учурунда маалымат каражаттарын Келлинин өлүмүнө байланыштуу ар кандай сенсациялуу билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырып, мындай деди:
- Мен ойлоймун бул кейиштүү трагедиядан кийин ушундай кылганыбыз оң. Эл саясатчылардан да, массалык маалымат каражаттарынан урматтоону күтүүдө. Көз карандысыз иликтөө өз ишинин жыйынтыгын чыгаргандан кийин, биз баарын талкуулай алабыз.