Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

“ХЮМАН РАЙТС УОТЧ” УЮМУ ЕВРОПА БИРИМДИГИН КАЗАКСТАН МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНГА АДАМ УКУКТАРЫН САКТОО ЖААТЫНДА КЫСЫМ ЖАСООГО ҮНДӨӨДӨ


Шейшембиде Брюсселде Европа Биримдигинин Кыргызстан жана Казакстан менен кызматташтык кеңештери кезектеги отурумун өткөрмөкчү. “Хюман райтс уотч” (HRW) сыяктуу эл аралык укук коргоо уюмдары Европа Биримдигинен бул эки өлкөдөгү адам укуктарынын абалынын начардашына байланыштуу алардын өкмөттөрүнө кысым көрсөтүүнү өтүнүүдө.

Июндун 22синде Брюсселде Европа Бириимдиги менен Кыргызстандын жана ошондой эле Биримдик менен Казакстандын өз ара кызматташтыгы боюнча түзүлгөн Кеңештеринин отуруму өткөрүлөт. Кыргызстандан ага биринчи вице-премьер Курманбек Осмонов катышаары маалым. Бул жыйын маселеси ишембиде Бишкекте өткөн “Өнөктөштүк форумунда” да козголбой койгон жок. “Арнамыс” партиясынын өкүлү Эмил Алиев кыргыз бийликтерин Брюсселдеги жолугушуунун алдында эл аралык коомчулукка өкмөттү жакшы көрсөтүү үчүн гана тегерек үстөл жыйынын өткөрүп жатасыңар деген доосун айткан, бирок өкмөт жетекчилиги анын койгон кинесин четке каккан.

Өткөн айдын соңунда укук коргоочу “Хюман райтс уотч” уюму Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлерине кат жолдоп, Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнөн эки өлкөдөгү адам укуктарынын абалын жакшыртуу боюнча конкреттүү милдеттенмелерди талап кылууга чакырган. “Хюман райтс уотчтун” Маскөөдөгү серепчиси Мэри Струсерз шейшембидеги Брюссел жыйыны тууралуу мындай деп айтат:

- Европа Биримдиги менен Кыргызстандын жана Биримдик менен Казакстандын өз ара кызматташтык боюнча Кеңештеринин жыйыны “Өнөктөштүк жана кызматташтык келишими” делген макулдашуунун алкагында жеңилдиктерди берүү каралган соода жана каржылык келишимдерди талкуулоого арналат. Ошондуктан бул жыйын аталган эки өлкөдөгү адам укуктарынын кырдаалын алардын жогорудагы макулдашууларда каралган милдеттенмелерине ылайыктап жакшыртуу үчүн алардын өкмөттөрүн конкреттүү чечимдерди кабыл алууга чакырууга Биримдик үчүн дурус ыңгай болуп турат.

“Хюман райтс уотч” Казакстан менен Кыргызстанда саясий айыпкер катары камалып жаткан оппозиция өкүлдөрүн дароо бошотууну талап кылууда. Бул тууралуу Струсерз айым мындай дейт:

- Биз Казакстандагы саясий камакта жаткан ишмер, “Казакстандын демократиялык тандоо” партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Галымжан Жакияновду, журналист жана укук коргоочу Сергей Дувановду, Кыргызстандагы саясий оппозициянын жетекчилеринин бири Феликс Куловду абактан чыгар деп алардын өкмөттөрүн чакырууга Европа Биримдигин үндөп жатабыз. Алардын баары тең саясий кермек даамы бар доолор боюнча абакка кесилген.

“Хюман райтс уотч” уюму 2002-жылы март айындагы Аксы окуялары маалында жергиликтүү милициянын тынч демонстранттарды аткылоого алганы менен байланыштуу ишти адилет жана калыс териштирүү үчүн расмий Бишкек эл аралык тергөө тобунун өлкөгө келишине уруксат бериши керек деп эсептейт. Бул эл аралык укук коргоо уюму бейкүнөө беш демонстранттын өлүмү менен аяктаган Аксы окуясы үчүн алигиче эч кимдин жазага тартылбагандыгына өз санааркоосун билдирген (“Хюман райтс уотч” уюмунун Европа Биримдигине жазган катын төмөнкү интернет баракчадан окусаңыз болот: http://www.hrw.org/press/2003/06/kazakhstan063003ltr.htm ).

Укук коргоочулар Европа Биримдигин Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму сыяктуу башка эл аралык институттар жана Кошмо Штаттар сыяктуу мамлекеттердин жетекчилиги менен биргелешип, Казакстан менен Кыргызстандагы демократиялык жараянды чыңдоого жандуу салым кошууга үндөшүүдө.

XS
SM
MD
LG