Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

КЫРГЫЗДАРДА ВАЛЬС МУЗЫКАСЫ БАРБЫ?


Вальс тууралуу чакан музыкалуу баяндама.

Түркүн курактагы, түрдүү кесипчиликтеги музыка сүйүүчүлөр менен ар кандай салтанаттарда, кечелерде жолугушканда, көчөлөрдөн көрүшө калганда: «Агай менин атым Жылдызбек, вальс деген термин кайдан чыккан»? Экинчи бирөөсү: - «Агай, вальс бийлери кайсы өлкөдөн тараган»? Үчүнчү бирөөлөрү «Кыргызстанда вальс музыкасы барбы? Болсо кимдер жазган?» деген соболдорду көп беришет.

Ар бир ыргагынан кубанычтын, шаттыктын нурун сепкен «вальс» деген терминдин тегин териштире келсек, немистердин уңгусу «вальцен» деген сөзүнөн «вальцер», француздардын «вальс» деген сөзүнөн тараганына күбө болобуз. Кыргызча вальс айлануу, термелүүнү түшүндүрөт. Ал эми жалпысынан вальс – жубу менен жай салмактуу илгери адымдаган кыймылдагы айлануулардан (термелүүлөрдөн) турган бал бийи. Музыкасы негизинен төрт үч өлчөмүндө жазылат. Жүрүшү (темпи) ылдам же ылдамыраак, мелүүн.

Вальс ХУШ кылымдын экинчи жарымында шаардыктардын турмушунда пайда болот. Ал алгач австриялыктардын, чехтердин, германиялыктардын элдик бийлеринде кеңири өнүгө баштайт. Ал эми Х!Х кылымда вальс бүтүндөй Европа калктары арасына жайылат. Айрыкча, композитор Ланнер менен австриялык композитор, скрипач, дирижер Иоганн Штраус (атасы менен баласы) жазган Вена вальстарынын түрмөктөрү кеңири тарайт. Бара-бара вальсты дүйнөлүк ысымдагы композиторлор ар кандай жанрдагы чыгармаларынын араларына жаза башташат. Композитор Штраус вальс бийлеринин атасы, пири аталат. Ал 250 вальс, кадриль, полька бийлерин жазат. Композитордун «Кереметтүү көгүлтүр Дунайда» аттуу вальсы дүйнө калктарынын түбөлүктүү кенчине айланат.

Кыргыз композиторлорунан алгачкылардан Аскар Түлөев «Жаштар вальсы», Михаил Раухвергер «Чолпон» балетине «Вальс», Насыр Давлесов «Сүйүү вальсын», Калый Молдобасанов «Көл вальсы» аттуу вальстарды угучууларга тартуулашат.
XS
SM
MD
LG