Уюмдун ЮНИСЕФ балдар агенттиги бир катар өлкөлөрдө жаш балдардын өлүмү расмий статистикадан алда канча жогору экендигин эскертти. "Румынияда, Кавказ жана Борбор Азия жумурияттарында жаш балдардын өлүмү боюнча статистика ката жана тескери болгондуктан, өкмөт жана саламаттык сактоо кызматкерлери бул проблемага жетиштүү көңүл бурбай жатышат", - деп билдирди ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Кэрол Белами. ЮНИСЕФ аталган өлкөлөрдү төрөттү каттап, кабар берүүнүн эл аралык стандартын кабыл алууга чакырат.
Бириккен Улуттар уюму мурдагы советтик жумурияттардагы жаш балдардын өлүмү тууралуу эскертүү жарыялады