Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:28

Tүркиянын тышкы иштер министри АКШга жол тартты


Абдулла Гүл Вашингтондо америкалык расмий өкүлдөр менен эки өлкөнүн алакаларын жакшыртуунун жолдорун талкуулайт. Учакка түшүп жатканда Гүл кабарчыларга Түркия менен АКШнын байланыштарынын пайдубалы бекем деп ырастап, алакалар өнөктөштүктүн чектеринде улана берет деди.

Ирак согушунун алдында АКШнын түркиялык аскер базаларын пайдаланууга берүү өтүнүчүн түрк парламенти канааттандыруудан баш тарткан эле. Ал эми үстүбүздөгү айда Ирактагы АКШнын армиясы 11 түрк аскерин туткундап, 60 саат кармап турган.

Абдулла Гүл АКШнын президентинин улуттук коопсуздук кеңешчиси Кондолиза Райс, мамлекеттик катчы Колин Пауэлл жана вице-президент Дик Чейни менен сүйлөшүү жүргүзөт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG