Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

«Тамчы» аба майданында алгачкы сыноо болду


БИШКЕК. Ысыккөлдүн тескей жагында жайгашкан «Тамчы» аэропортун толук ишке киргизиш үчүн 9 млн. долларга чейин каражат талап кылынат. Бул тууралуу бүгүн ««Манас» аэропорту» акционердик коомунун жетекчиси Эрик Арсалиев кабарлады. Анын айтымында, аэропортту реконструкциялоону азыр толугу менен «Манас» аэропорту жүргүзүп жатат. Ал учуп-конуучу тилкени жасоого 216 миң доллар чыгымдады. «Тамчы» аэропортун калыбына келтирүүнү акционердик коом өкмөттүн быйыл 29-майда чыккан токтомунун негизинде колго алган. Аэропортту биротоло калыбына келтириш үчүн «Манас» аэропорту каражат булактарын иликтеп, жапониялык бир компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. «Тамчы» аэропортунун жаңыдан калыбына келтирилип бүткөн учуп-конуу тилкеси кечээ сыноодон өттү. Аны сыноого Экология жана чукул кырдаалдар министрлигинин ЯК-40 үлгүсүндөгү учагы катышты.

XS
SM
MD
LG