Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Бишкектин Ленин райондук соту «Моя столица» гезитин банкрот деп жарыялады


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин Ленин райондук соту «Моя столица» гезитин банкрот деп жарыялады. Соттун мындай чечимине Карабалта спирт заводунун доо арызы негиз берген. Гезиттин башкы редактору Александр Кимдин айтымында, азырынча банкрот деп жарыяланган гезитке атайын администратор дайындала элек. «Банкроттук тууралуу» мыйзам боюнча, карыз болгон укуктук тарап банкрот деп таанылышы керек. «Моя столица» гезитинен миллиондогон сомдук айыппулдарды өндүрүп берүү талабы менен өкмөт башчысы Николай Танаевден, Ички иштер министрлигинен, «Мерлисайд» фирмасынан жана башкалардан 30дан ашуун соттук доо-арыздар берилген. Эркин басылманын жабылышына бир топ эл аралык уюмдар кабатырланганын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG