Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:11

Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл Америкага аттанды


Бейшембиде ал Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл жана вице-президент Дик Чейни менен кездешип, соңку кездери солгундай түшкөн эки тараптуу мамилелерди талкуулайт. Ушул айдын башында АКШ аскерлери Ирактын түндүгүндө күрттөргө каршы кол салууларды даярдаган деген кине боюнча 11 түрк жоокерин камакка алышкан. Түркия өз аскерлеринин күнөөсүн четке кагууда. Андан мурдараак, март айында Түркиянын парламенти Пентагонго Ирактагы согуш маалында түрк жергесин пайдаланууга уруксат бербей койгон.

XS
SM
MD
LG