Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

АКШ армиясынын жаңы башчысы Ооганстанга барды


Ооганстандагы АКШ жетектеген коалициялык күчтөрдүн эки базасына өткөн түнү кол салуу болду, алардан жабыр тарткандар тууралуу маалымат айтылган жок. Өлкөнүн чыгыш тарабындагы Асадабад шаарында жайгашкан эл аралык аскерий база менен Кандагар чөлкөмүндөгү гарнизонго кимдир-бирөөлөр түн ичинде граната ыргытып, чабуул коюшкан. Бул базаларда жайгашкан америкалык аскерлер кол салуу жасалган тарапты көздөй асмандан жана жерден ок ачып, тегеректеги аймактарды тинтүү иштери жүрүп жатат. Бул кол салуулар – Ооганстанга АКШ армиясынын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Жон Абизайд сапарлап барганына байланыштуу болду деген пикирлер айтылууда. Бүгүн генерал Абизайд Кабулда ооган президенти Хамид Карзай жана коалициянын аскерий жетекчилиги менен жолугушту.

XS
SM
MD
LG