Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:49

Египет жакында Израилге өз элчисин кайрадан жөнөтөт


Бул тууралуу Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом Вашингтондогу сапары учурунда билдирди. Египет Израилдеги элчисин 2000-жылдын ноябрь айында жөөт армиясы палестин аймактарында кеңири операцияларын баштаганына байланыштуу чакыртып алган болчу. Бейшембиде Вашингтондо жолугушкан АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен Силван Шалом палестин бийлигине кайрылып, согушкерлерге каршы активдүү чараларды көрүүгө чакырышты. Эртең Американын президенти Жорж Буш Палестинанын премьер-министри Махмуд Аббасты, шейшембиде Израилдин өкмөт башчысы Ариэл Шаронду кабыл алып-маектешет.

XS
SM
MD
LG